Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

Качып жүргөн казак банкири Орусияда кармалды


Кезинде таасирдүү деп эсептелинген “Наурыз банктын” мурдагы жетекчиси Оразалы Эржанов Москвада апта башында камакка алынган. Казакстандын каржы полициясынын кечээги билдирүүсүнө караганда, азыр эки өлкөнүн бийликтери аны Казакстанга өткөрүп берүү маселесин талкуулап жатышат. Казакстан Орозалы Эржановду кылмыштуу топ түзүү аркылуу 30 миллион доллар уурдап алган деп айыптап, беш жыл мурда ага эл аралык издөө жарыялаган. “Наурыз банк” расмий түрдө 2004-жылдын ноябрында жабылган. Бирок банкты жоюу иштери азыркыга чейин толук аяктай элек.

XS
SM
MD
LG