Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:14

Т.Тургуналиев: Саясий куугунтук массалык мүнөзгө өттү


Саясий куугунтуктагыларды коргоо комитети март ыңкылабынын 5 жылдыгын утурлай жыйын курат. Комитет жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин “Азаттыкка” билдирүүсүндө 2005-жылдан бери өлкөдө саясий куугунтук болуп көрбөгөндөй күч алды. “Эгер 1994-2005-жылдар аралыгында 11 гана адам “абийир туткуну” болсо, бүгүнкү күнү алардын саны 76га чыкты” деп Топчубек Тургуналиев мындай кысым айрым саясий ишмерлерди “мокотуп” жаткандыгын билдирди. Т.Тургуналиев мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловго карата соттук териштирүүгө токтолуп, аны “бийлик менен сүйлөшүп алган өңдүү” деген оюн билдирди.

А.Жекшенкуловдун иши боюнча сот 9-мартта улантылып, анда айыпталуучу акыркы сөзүн айтат. Ушул күнү сот өкүм чыгарышы ыктымал, деп болжолдонуп жатат. Мурдагы соттук териштирүүдө мамлекеттик айыптоочу экс-министрдин тапанчасы менен түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деген айыптын негизи жок экенин, андыктан аны алып салуу керектигин айтып, Кытай грантын максатсыз пайдаланды деген экинчи айып боюнча А.Жекшенкуловду шарттуу төрт жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн. (EK)

XS
SM
MD
LG