Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

И.Исаков №19 жаза өтөө жайына которулду


Бул тууралуу мурдагы коргоо министри, оппозиция лидерлеринин бири И.Исаковдун адвокаты Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүн саат эртең мененки 10дор чамасында генерал күчөтүлгөн тартиптеги №19 жаза өтөө жайына которулду. Эл арасында “кызылдар отурчу жай” аталган бул жаза өтөө жайында мыйзам чегин аттаган тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү, соттор отурушат.

19-февралда Аскер соту мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду Бишкек гарнизондук сотунун 8 жылга абакка кесип, генерал-лейтенанттык чининен ажыраткан чечимин күчүндө калтырып, Улуттук коопсуздук кызматынын абагынан №1 убактылуу кармоочу жайга камоо тууралуу чечим чыгарган.

Исаковду №=19-жаза өтөө жайына которуу чечимин атайын комиссия ушул шейшемби күнү кабыл алган. (EK)

XS
SM
MD
LG