Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

“Аялдарга карата зомбулукту бирге токтотобуз” кампаниясы башталды


Бүгүн Кыргызстандагы БУУ үйүндө “Аялдарга карата зомбулукту бирге токтотобуз” кампаниясы башталганы жарыяланды. Өлкөдөгү БУУнун туруктуу өкүлү Нил Волкердин айтымында, акыркы он жылда Кыргызстанда гендердик теңчилик жана аялдар укугу жаатында бир кыйла эле жылыштар байкалды. Кыргызстан Аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жою боюнча конвенцияны ратификациялап, Миң жылдык декларациясына кол коюп, Гендердик адилеттүүлүккө жетүү боюнча улуттук планды, зомбулукка каршы мыйзам кабыл алды. Бирок Н.Волкердин белгилөөсүндө өлкөдө айымдар дале ар түрдүү басынтууларга кабылып келет. Аялдар укугуна шек келтирген ала качуу, көп аял алуу, эртелеп турмушка берүү, үй-бүлөдөгү зомбулук көрүнүштөрү буга күбө.

БУУнун туруктуу өкүлү Нил Волкер 2008-2009-жылдар ичи Кыргызстандагы кризистик борборлор ассоциациясы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө жыйынтыгы тууралуу маалымат келтирди. Иликтөөнүн негизинде зомбулукка байланыштуу уюштурулган сурамжылоонун негизинде респонденттердин 83% зомбулукка кириптер болуп турары аныкталган. Мындан улам Нил Волкер зомбулук маселесин чечүүдө мыйзам кабыл алуу аздык кылаарын, маселени чечүү үчүн бирдиктүү иш-аракеттер керек экенидигин белгиледи. (EK)

XS
SM
MD
LG