Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

“Жарандар коррупцияга каршы” уюму аялдардын көйгөйүн талкуулады


Аталган укук коргоо борбору менен WLP долбоорунун алкагында 8-март бүткүл дүйнөлүк аялдардын эл аралык майрамын утурлап “Аялдарды лидерликке тартуу: проблемалар жана тоскоолдуктар” деген темада активдүү аялдар менен Чолпон-Ата, Ош жана Бишкек шаарларында жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө ар кандай бирикмелерден, бейөкмөт уюмдардан келген аялдар учурдагы билим берүү, медициналык камсыздандыруу, тарифтик кризис, балдардын, аялдардын укуктарынын бузулушу туурасында курч маселелер боюнча ой бөлүшүштү.

Ошондой эле алар өлкөнүн түштүк аймагында динге мажбурлоо күч алып, орто мектептерде билим берүүгө кедергисин тийгизип, балдардын билим алуусу чектелип жаткандыгын белгилешти. Айрым айыл жерлеринде кыздарды эрте никеге турууга мажбурлаган окуялардын күчөшү да коомчулукту тынчсыздандырууда дешет аялдар. Мындай көрүнүштөр жарандардын Конституциялык укуктарынын бузулушуна алып келүүдө деген көз караштар айтылды. Бул тууралуу “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунан бүгүн билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG