Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:01

Ош шаарында 700дөн ашуун киши жумушсуз калды


Жергиликтүү Ишкер Хикматулло Абдуллаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, шаардагы борбордук базарда соода-сатык кылган 750 адам үч күндөн бери жумушсуз калды. Алар эмгектенген чоң-кичине соода түйүндөрүн жергиликтүү бийлик эч кандай эскертүүсүз мажбурлап жаптырып, чоң каражат сарпталып бүткөрүлгөн айрым курулуштарды чекесинен талкалоодо. Буга нааразыланган тараптардын шаар мэри Мелисбек Мырзакматовго кайрылуусунан майнап чыкпай жатат.

Өлкөнүн экинчи борборунун биринчи вице-мэри Арфидин Аланов ырасташынча, борбордук базардагы мыйзамсыз курулуштар чекесинен жок кылынууда. Анда эмгектенгендерге жаңы эле ишке тапшырылган “Келечек” соода борборуна көчүү сунуш кылынууда, бирок көпчүлүк буга көнбөй жатат. (ATo)

XS
SM
MD
LG