Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:13

Бишкекте маңзат саткан эки аял кармалды


Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш издөө бөлүмүнүн кызматкерлери борбордогу Фучик-Москва көчөлөрүнүн кесилишинен 33 жаштагы айымды 55 грамм гашиш менен колго түшүрүштү. Ушул эле күнү милиция кызматкерлери Жалал-Абад облусунан Бишкекке маңзат ташып жүргөн дагы бир аялды кармап, иликтөө иштери башталганын кабарлашты. Мындан сырткары Жумгалдын Чаек айылынын тургунунун үйүнөн 2 кг марихуана, 5 г героин, 50 даанага жакын бир жолу колдонуучу ийне табылган деп билдирет ИИМдин коомчулук менен байланышуу кызматы. (JAk)

 

XS
SM
MD
LG