ФСБнин жетекчиси Александр Бортников президент Дмитрий Медведевге Александр Тихомировдун өлүмү ырасталгандыгын айтып жаткан жеринен орус сыналгысы көрсөттү. Бортниковдун сөзү боюнча, өзүн Саид Бурятский деп атаган Тихомиров ушул аптада Ингушетиядагы Экажево деген айылда атып өлтүрүлгөн сегиз согушкердин арасында болгон. Башкы чалгынчынын ырастоосунда, чабуулдан кийин табылган фактылар өткөн ноябрдагы 26 киши каза тапкан Москва - Санкт-Петербург поездин жардырууга Тихомировдун түздөн-түз тийешеси бар экендигин көрсөттү.