Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:42

Кинематографисттер биримдиги жаңы төрага шайлады


Биримдиктин кечээ өткөн съездинде төрага болуп Артыкбай Сүйүндүков шайланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” кинорежиссер Темир Бирназаров билдирди.

Анын айтымында, буга чейин биримдиктин төрагасы кызматын Таалайбек Бапанов аркалап келген. Бирок ал эки жылдан бери биримдиктин алдында отчет бербей келген. Кечээки жыйында да ал отчет берүүдөн баш тартып, залдан чыгып кеткен. Андан соң съезддин катышуучулары аны уставга ылайык кызматынан бошотушкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG