Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

Бишкекте аялдар укугун коргоо боюнча жөө жүрүш башталды


Иш-чарага отузга чукул укук коргоочу жана депутат айымдар катышууда. “Азаттыктын” кабарчысынын маалымдашынча, акциянын катышуучулары оболу Уркия Салиеванын эстелигинин алдына чогулуп гүл коюшту. Андан соң Курманжан датканын эстелигинин алдына келишти. Азыр борбордогу Чүй проспектиси менен жөө жүрүш жасап жатышат. Иш-чарага тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү дыкат байкоо салып турушат. Мындан мурдараак активист айымдар өлкөдө аялдар укугу жаатта олуттуу көйгөйлөр бар экенин билдирип, кыргыз бийлигин аялдар абалына жетишерлик көңүл бурууга чакырышкан. Бейөкмөт уюмдардын соңку иликтөөсүнө караганда, Кыргызстанда үй-бүлөдө аялдарга карата зомбулук кырктай пайызга көбөйгөн. (EBM)

XS
SM
MD
LG