Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Баткенде АКШ терроризмге каршы аскердик окуу борборун ачат


Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү “Азаттыкка” тастыкташты. Борборду ачууга болжол менен беш жарым миллион доллардай жумшалмакчы. Өткөн жылдын октябрь айында АКШ өкмөтү тогуз миллион долларга Токмоктогу “Чаян” деп аталган элиталык аскердик бөлүк үчүн толук жабдуулары менен атайын жай куруп берген. 2009-жылы августта Жамааттык Коопсуздук Келишим уюмунун Ысык-Көл саммитинде орус-кыргыз президенттери Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын кошумча аскер базасын жайгаштыруу боюнча меморандумга кол койуп, 1-ноябрга чейин базанын укуктук маселелерин жөндөө боюнча макулдашышкан болчу. Бирок азыр бул базанын ачылар-ачылбасы белгисиз. (EBM)

XS
SM
MD
LG