Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:34

К.Сапарбаева: 8-март – Аялдардын укугун коргоо күнү


Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду коргоо боюнча Алайдагы комитеттин мүчөсү Курманжан Сапарбаеванын “Азаттыкка” маалымдашынча, 7-мартта уюмдун мүчөлөрүн аким Алмазбек Осмонов баштаган райондук укук коргоо органдарынын жетекчилери чакырып, алардын 15-мартта баштай турган акциясы мыйзамсыз болгонун эскертип, жолдорду бойлоп жөө жана атчан жүрүшкө тыюу салынаарын айтышкан. Курманжан Сапарбаева муну нааразычылык иш-чарасына жигердүү катышып жаткан айымдардын конституциялык укугун басмырлоо катары баалап, 8-мартты майрамдабастан, аялдардын укугун коргоо күнү катары жарыялашкандыгын билдирди. К.Сапарбаева бийликтен уруксат албастан, Алай эли тоолор аркылуу жөө жана атчан жүрүш жасай турганын кошумчалады. Ошентсе да, жергиликтүү бийлик чектен ашкан мыйзамсыз кадамдар сөзсүз жазаланаарын нааразычылык акциясынын катышуучуларына экертүүдө. (ATo)

XS
SM
MD
LG