Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:14

Пакистандагы жарылуудан 11 адам каза тапты


Лахор шаарындагы жарылуудан мындан сырткары 60тан ашуун киши жаракат алды. Жардырууну автоунаа айдаган жанкечти жасагандай. Расмий өкүлдөрдүн айтымында жарылуу бүгүн эртең менен тартип сактоо мекемеси жайгашкан имараттын сыртында болгон. Полициянын маалыматына караганда, ал жерде согушкер деп шектелгендер суракка алынып жаткан эле. Жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкер болгон жок. Бирок кабарларга караганда, жардыруу - пакистандык талибдер же аларга өнөктөш топтордун колунан келген иш сыяктуу.

XS
SM
MD
LG