Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:23

Түркиядагы жер титирөөдөн 51 адамдын өмүрү кыйылды


Жер титирөөнүн очогу башкаала Анкарадан 550 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Элазыг провинциясында болуп, күчү ал жерде 6 баллдан ашкан. Өкмөттүн кризис борборунун маалыматына караганда, аталган провинциянын аймагынан алты кыштакта үйлөр талкаланды, 51 адам каза тапкандан тышкары, дагы 100дөй киши жаракат алган. Премьер- министр Режеп Тайып Эрдоган бүгүн бийликтеги “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясынын жыйынында сүйлөгөн учурунда буларды белгиледи:

-Чийки кыш бул аймактардагы курулуштардын архитектуралык стили экендигинде шек жок. Тилекке каршы чийки кыштын куну кымбатка турууда. Жер титирөө ал узактан бери болбогон аймакты бүлгүнгө учуратып олтурат.

Жер силкинүүсүнүн күчү Элазыг провинциясына коңшу аймактарда да сезилген. Дүрбөлөңгө түшкөн жашоочулар көчөлөргө чуркап чыгышып, түндү ачык асман алдында өткөрүштү. Күчү 4,2 баллды түзгөн жер титирөө коңшу Грекияда да катталган. Анын ыктымал кесепеттери тууралуу маалымат түшкөн жок.

XS
SM
MD
LG