Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:41

Бүгүн ИИМ маалымат жыйынын өткөрөт


Анда Каракол шаарынын тургундарынын коомдук пикирин социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы тууралуу айтылат. Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн ишине баа берүү жана коомдук тартипти камсыз кылуу тармагындагы көйгөйлөр тууралуу “Социнформбюро” компаниясы тарабынан коомдук социологиялык изилдөө жүргүзүлгөн.

Маалымат жыйынына Ички иштер органдарын реформалоо багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу ИИМдин илимий-изилдөө борборунун жетекчиси, милициянын полковниги Шамшыбек Мамыров, “Ички иштер органдарын реформалоо боюнча” ЕККУнун программасынын башчысы Евгений Черенков, ЕККУнун программасынын кварталдык полиция боюнча кеңешчиси Тармо Вийкма жана “Социнформбюро” компаниясынын өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG