Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:10

Нигериядагы диний кагылышууларда 200дөн ашуун адам набыт болгону айтылууда


Дүйшөмбүдө Дого Нахава шаарында ондогон адамдардын денесин көмүштү. Өлгөндөрдүн саны 200дөн ашышы мүмкүн деп жатышат. Арасында жаш балдар менен аялдар да бар. Окуяга күбө болгондор жекшембиде аймактагы христиандар менен мусулмандар ортосунда араздашуу чыгып, атышуу болгонун билдиришти. Январда да ушундай эле окуядан жүздөгөн киши өлгөнү айтылган. Президент Гудлак Жонатан коопсуздук күчтөрү менен чукул жыйын өткөрүп, жаңжал башка региондорго да таркап кеткеши үчүн кандай чара көрүүнү талкуулады.

Бириккен улуттар уюмунун баш-катчысы Пан Ги Мун кырдаалга өзгөчө кыжаалат болуп жатканын билдирип, өкмөттөрдү бул өңдүү кагылышуулардын алдын алууга чакырды.

XS
SM
MD
LG