Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

“Жарандар коррупцияга каршы” борбору Башкы прокуратурага кайрылат


“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору Бишкек шаарынын мэриясынын жаңы кабыл алган токтому жокко чыгарууну өтүнүп, мэр Нариман Түлеевге жана Башкы прокуратурага интернет аркылуу кайрылды. Аталган борбордун укук эксперти Абдыкерим Ашыров бул эки орган мындай кайрылууга маани бербесе кат аркылуу кайрылаарын “Азаттыкка” билдирди.

Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев 4-мартта борбордун кайсы аймактарында митинг өткөрүүгө болоорун тактаган токтомго кол койгон. Токтомго ылайык митингдер Л.Толстой, Ш.Термечиков, М.Алыбаев жана Репин көчөлөрү менен чектелген сейил багында өтүшү керектиги белгиленген.

“Жарандар коррупцияга каршы” укук борбору бул токтом эл аралык принциптерге дал келбесин, Баш мыйзамга каршы болоорун белгилеп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG