Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Кыргызстанда ВИЧ/СПИДге кабылгандардын саны 2 миң 837ге жетти


Бул тууралуу бүгүн “Маңзаттарды пайдаланууну жана ВИЧ/СПИДдин тарашын алдын алуу” долбоорунун ишке киришкенине байланыштуу өткөн маалымат жыйында айтылды. Долбоордун координатору Болоткан Сыдыкановдун айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүндө, айрыкча жаштар арасында ВИЧ илдетине кабылгандардын саны өсүүдө. “Баңгизат колдонгондордун жарымынан көбү 21-30 жаштагылар, алардын ичинен 15 пайызын 21 жашка чейинкилер түзөт. Кыргызстанда 1990-жылдан бери баңгизат колдонгондордун саны беш эсе өстү”, - дейт Б.Садыканов. (КЕ)

XS
SM
MD
LG