Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Петровка чатагын карап жаткан сот жыйыны дагы үзгүлтүккө учурады


Бүгүнкү Мрсква райондук сотунда отурум адвокаттар Александр Типеров жана Азимбек Бекназаровдун келбей калгандыгына байланыштуу болбой калды. Адвокат А. Типеровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ал Петровка окуясынын уюштуруучусу катары 10 айдан бери камакта олтурган саясатчы Э. Бөлөкбаевди коргоодон баш тартты. Буга адвокат А. Бекназаров менен болгон пикир келишпестик себеп болгон. Ал эми соттук териштирүү жалпы жонунан жыйынтыкталып, күбөлөр дээрлик азайгандыктан учурда кылмыш ишине тиешелүү видео, аудио жана фото материалдар көрсөтүлүп жаткан эле. (JJ)

XS
SM
MD
LG