Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

БУУ Кыргызстандагы энелердин өлүмүнө өзгөчө көңүл бурат


Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Тим Шефтер бүгүн БУУнун энергетикалык жана азык-түлүк каатчылыгынын алдын алууга багытталган Бирдиктүү программасынын ишке киришкенине байланыштуу өткөн жыйында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанга жардам берилчү приоритеттүү багыттардын бири саламаттыкты сактоо тармагы болмокчу. Анын алкагында республика боюнча тандалып алынган алты төрөт үйүнүн материалдык-техникалык базасы жаңыртылып, ымыркайды, кош бойлуу аялды каттоо системасын жаңыртуу, врачтардын тажрыйбасын жогорулатуу каралган.

Өткөн жумада Саламаттыкты сактоо министрлигинин жыйынында 2009-жылы Кыргызстанда 97 эне төрөттөн каза болгону айтылган. Адистер алардын 27син сактап калууга боло турганын айтышкан. Энелердин өлүмү Ош, Чүй, Нарын облустарында өскөндүгү белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG