Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

Араванда кабарчыны урган айыл өкмөт башчысы кызматтан бошотулду


Укук коргоочу Нооманжан Давыдовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, ушул жылдын 14-январында жыйын убагында Нурабад айыл өкмөтүнүн башчысы Кочкорбек Мамасаидов аны ачык сындагандыгы үчүн облустук “Уш садоси” гезитинин тыш кабарчысы Хашимжан Халбековду токмоктогон. Натыйжада денесинен катуу жаракат алган жергиликтүү журналистке бир нече ирет операция жасалды, бирок учурда карыя кабарчынын саламатчылыгы анчалык жакшы эмес. Араван районунун акими Кубаныч Шайназаров "Азаттыкка" Кочкорбек Мамасаидов айыл өкмөт башчылыгынан четтетилгендигин, бейбашчылык кылгандыгы үчүн үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жаткандыгын ырастады. (ATo)

XS
SM
MD
LG