Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Нарындыктар социалдык талаптар менен кайрадан митингге чыгышат


Митинг 10-мартта шаардык спорт майданда болорун «Электр жана жылуулук нарктарын төмөндөтүү» аттуу кыймылдын мүчөсү Эркин Асаналиев тастыктады. Бирок шаардык мэриянын юридикалык кызматы митинг өткөрүү тууралуу билдирүү баракчасы келбегендигин белгилеп, мындай акция мыйзамсыз болоорлугун маалымдады. 24-февралда Нарын шаарынын чыгыш ыптасындагы Б.Жапаралиев атындагы паркта жүздөгөн адамдар катышкан митинг болуп, анда башкы талап катары электр кубатын мурдагы баада калтыруу айтылган. 2-мартта Нарын шаарында биринчи вице-премьер Акылбек Жапаров катышкан жыйын өткөрүлгөн. Кыймылдын мүчөлөрү А.Жапаров эл талабын айткан жок деп, кайрадан митингге чыккан жатышат. (KUs)

XS
SM
MD
LG