Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Тынчтыкбек Чекиев Нарындын губернатору кызматынан бошотулду


Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, бүгүн Курманбек Бакиев президенттик аппараттын жетекчиси Каныбек Жороев, облус губернаторлору жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусу менен жыйын курду. Анда Нарын облусуна жаңы губернатор Алмазбек Акматалиев дайындалганы кабарланып, мурунку губернатор Тынчтыкбек Чекиев кызматтан бошотуу тууралуу арыз бергени маалымдалды. Чекиев өткөн жылы 11-ноябрда Нарын облусунун губернатору кызматына дайындалган. Нарында эл 24-февралда нааразылык акциясына чыккан. Элдин нааразылыгына жергиликтүү бийлик күнөөлүү экенин биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров билдирген эле.(AiT)

XS
SM
MD
LG