Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

Рим шаарынын судьясы Е.Гуревичти камакка алуу чечимин чыгарды


Кыргызстандагы “MGN group” тобунун жетекчиси Евгений Гуревичти камакка алуу тууралуу римдик судья Альдо Моргини чечим чыгарганын “Сан франциско кроникл” гезити жазып чыкты. Маалыматта Е. Гуревич Италияда “MGN Capital” компаниясы аркылуу көз боемочулук менен “Телеком Италия” жана “Фаствеб” компанияларын 2 млрд. 700 млн. долларга алдап кеткен деп айыпталып, кылмыш дүйнөсүн каржылаганы айтылган.

АКШнын жараны Евгений Гуревич Кыргызстанда “MGN group” тобун жетектейт. Аны президенттин уулу Максим Бакиев менен жакын санаалаш деген жоромолдор бар. Бирок Евгений Гуревич буга чейин “Азаттык” үналгысына берген интервьюсунда Максим Бакиев менен байланышы жоктугун, ал жөнүндө гезиттер жазып чыккан ар кандай дооматтарда негиз жок экендигин айткан.

“MGN group” тобу Кыргызстандагы эн кирешелүү ишканалардын активдерин башкарат. Ошол эле маалда Кыргызстандын Өнүктүрүү фондусу “MGN group” менен мурда кол коюлган келишимдерин үзгөнү айтылууда.

“MGN group” компаниясын маалымат жактан тейлеген “Flexi Communications” ишканасынын басма сөз катчысы Наталья Орлова Италия басылмасындагы кабар боюнча бүгүн маалымат беришерин “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG