Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:53

Оппозиция президентти 17-марттагы Элдик курултайга чакырды


СДПнын маалыматына караганда Элдик курултайды уюштуруу комитетинин башчысы Роза Отунбаева 17-марттагы Элдик курултайга президент Курманбек Бакиевди чакырды. Курултайдын күн тартибинде отун-сууга тарифтерди төмөндөтүү, Конституцияга өзгөртүүнү токтотуу, стратегиялык обьектилерди саттырбоо сыяктуу маселелер коюлган. Элдик курултайга Жогорку Кеңештин төрагасы Зайнидин Курманов, премьер-министр Данияр Үсөнов, Конституциялык соттун төрайымы Светлана Сыдыкова, Жогорку Соттун төрайымы Жаңыл Алиевага да чакыруу жолдонду. (AJ)
XS
SM
MD
LG