Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

"Ак шумкар" партиясы 23-мартта пикет өткөрөт


Бул тууралуу билдирген аталган партиянын лидери Темир Сариевдин айтымында, "Ак шумкар" партиясы 23-марттагы Ынтымак курултайы болоор күнү улуттук филармониянын алдында пикет өткөрөт. Анда электр кубатына тарифтерди ордуна келтирүү, стратегиялык обьектилерди жана сууну саткандарды жазага тартуу, президент Курманбек Бакиевдин уулун жана бир туугандарын мамлекеттик кызматтан четтетүү, Конституцияга каршы түзүлгөн мамлекеттик органдарды жоюу талаптары коюлат. "Ошондой эле бириккен саясий топтордун 17-марттагы Элдик курултайына катышуу ниетин билдирип жана Алай, Нарын элинин митингин колдоо боюнча “Ак шумкар” партиясынын саясий кеңеши чечим кабыл алды”,-дейт Т.Сариев. (AJ)

XS
SM
MD
LG