Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

“220" кыймылы энергетикалык ишканаларды сатууга каршы акция өткөрөт


Өкмөттүн тарифтерди жогорулатуу жана энергетикалык ишканаларды жеке менчикке сатуу саясатына каршы “220” кыймылы 11-мартта нааразылык иш-чарасын өткөрөт. Бул тууралуу аталган кыймылдын жетекчиси Гүлнара Журабаева “Азаттыкка” билдирди. Анын ырасташынча, бул күнү кыймыл алгач маалымат жыйынын өткөрөт. Андан соң райондор аралык соттун имаратынын жанында нааразылык акциясы, андан кийин “Электрошок” аттуу концерт уюштурулат. Мындан тышкары Г.Журабаеванын айтымында, бүгүн саат 15.00дө кыймыл мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаты, СДПК фракциясынын мүчөсү Николай Байло менен жолугушат. “220” кыймылы ушул жылдын февраль айында түзүлгөн.(AiJu)

XS
SM
MD
LG