Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

“MGN group” компаниясынын башчысы жөнүндө маалымат жыйыны болот


Саат 13.00 дө өтө турган маалымат жыйында аталган компаниянын жана анын жетекчиси Евгений Гуревичтин айланасындагы чет элдик ММКларга жарыяланган макалалардын тегерегинде маалымат берилери күтүлүүдө.

АКШнын жараны Евгений Гуревич президенттин уулу Максим Бакиев директорлор кеңешине төрагалык кылган Өнүктүрүү Фондунун башкы өнөктөшү.

7-мартта Кыргызстандагы “MGN grouptuн” жетектекчиси Евгений Гуревичти камакка алуу тууралуу римдик судья Альдо Моргини чечим чыгарганын “Сан франциско хроникл” гезити жазып чыккан. Маалыматта Е. Гуревич Италияда “MGN Capital” компаниясы аркылуу көз боемочулук менен “Телеком Италия” жана “Фаствеб” компанияларын 2 млрд. 700 млн. долларга алдап кеткен деп айыпталып, кылмыш дүйнөсүн каржылаганы айтылган.(AiJu)

XS
SM
MD
LG