Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Т.Акун: Максим Бакиевди чыгып кетсин деген туура эмес


Мындай пикирин Кыргызстан Акыйкатчысы Нарындагы митингге катышкандан кийин бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Нарындагы митингиге төрт миңден ашуун киши катышып, негизинен экономикалык багыттагы талаптар коюлду. Ал эми оппозициялык саясатчылар ага саясий боек берүүгө аракет жасашты. Турсунбек Акун Нарындагы митинг учурунда бийликке карата алты талап, анын ичинде Максим Бакиевдин бир жума ичинде Кыргызстандан чыгып кетүүсү талап кылынганын ырастап, бирок кыргыз жараны болгон М.Бакиевге карата андай талап коюу туура эмес деген пикирин кошумчалады. Белгилүү болгондой нарындыктар койгон талаптардын ичинде Исмаил Исаковду, Петровка, Балыкчы боюнча айыпталгандарды бошотуу, жерлерди сатууга тыюу салуу, тарифтерди төмөндөтүү бар. (AiT)

XS
SM
MD
LG