Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Алайда жөө жүрүшкө тыюу салуу аракети жасалууда


Алай районунун тургундары Исмаил Исаковду абактан бошотуу талабы менен 15-марттан баштап, Ошко карай жөө жүрүш акциясын баштаарын билдиришкен. Буга байланыштуу алар Алай райондук акимиятына арыз менен кайрылган. Аким өз кезегинде жөө жүрүш мыйзамга каршы келерин билдирип, райондук сотко кайрылган. Райондук сот аны 3-5-мартта карап, соңунда бул маселени Ош облусундагы райондор аралык сот караш керек деген бүтүмгө келген. 10-мартта райондор аралык сотто маселе карала баштап, бирок жөө жүрүштүн уюштуруучулары сот жараянына катышууга даярдык керектигин айтып, сотту 11-мартка которууну суранышкан. Сот ал өтүнүчтү канааттандырды. Бул тууралуу Исмаил Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Таалай Зикиров “Азаттыкка” бүгүн билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG