Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Президенттик кеңешме жыйын курду


Президенттик кеңешме бул ирет коопсуздук кеңешинин форматында чогулду. К.Бакиевдин төрагалыгы астында бүгүн өткөн жыйынга тартип коргоо жана сот органдарынын жетекчилиги катышып, анда соттордун ишине байланыштуу маселе каралды жана соттордун мыйзамсыз чечимдерине каршы чара көрүү механизмдерин иштеп чыгуу тапшырылды. Андан сырткары Улуттук коопсуздук стратегиясынын жана Улуттук коопсуздук концепциясынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу сунушталды. Жыйында тартип коргоо органдарынын координациялык кеңешин жетектөө Президенттин коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип боюнча мамлекеттик кеңешчисине жүктөө чечими кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)

XS
SM
MD
LG