Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Бүгүн парламенттин пленардык жыйыны болот


Анда Социал-демократиялык фракциянын жаңы депутаттары Карамат Орозова жана Сагынбек Абдырахманов депутаттык кызматка киришүү алдында ант беришет. Андан сырткары депутаттар “2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору боюнча каржы министри Марат Султановдун баяндамасын жана эсептөө палатасынын иши жөнүндө анын төрагасы Искендер Гаипкуловдун отчетун угуп, аны бекитүүгө тийиш. Ошондой эле “Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу, жалпы техникалык регламент” мыйзамынын долбоору экинчи окууда каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG