Бүгүн Ош облусундагы райондор аралык сот Алай районунун акимиатынын доо арызын карайт. Алай бийлиги райондун тургундарынын мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду абактан бошотуу талабы менен 15-марттан баштап, Ошко карай жөө жүрүш уюштуруу акциясын мыйзамга каршы келерин билдирип, райондук сотко доо арыз менен кайрылган. Райондук сот аны 3-5-мартта карап, соңунда бул маселени Ош облусундагы райондор аралык сот караш керек деген бүтүмгө келген. Сотко И.Исаковду коргоо комитетинин төрт мүчөсү катышат. “15-марттагы жөө жүрүш акциясынан баш тартпайбыз, эгер бийлик мыйзамсыз иштерге барса, биз аларга жооп берүүгө даярбыз”,-дейт Исаковду коргоо комитетинин башчысы Айтбай Жээналиев. (AJ)