Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:37

Барак Обама АКШ Гаитиге жардамын улантаарын билдирди


АКШнын президенти Барак Обама шаршембиде Вашингтондо Гатинин президенти Рене Преваль менен сүйлөштү. Гаитиде 12-январдагы катуу жер титирөөдөн 230 миңден ашуун адам набыт болгон. Жер титирөөдөн кийин өлкөгө материалдык да, моралдык да колдоону биринчилерден болуп көрсөткөн Америкага гаитилик президент ыраазычылыгын билдирди. Президент Обама болсо Гатидеги апаатты “эларалык трагедия” деп атап, Кошмо Штаттары өлкөнү кайра курууда жардамын мындан ары да аябай турганын айтты.

XS
SM
MD
LG