Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда депутат Аскар Шадиев Баткендеги чек ара маселесин козгоду. Анын айтымында, облустун Кадамжай районунда Өзбекстан менен чектеш жерде жол жок болгондуктан, баткендиктер өз үйлөрүнө Өзбекстан аркылуу өтүүгө мажбур. Эми коңшулар ошол жерге пост курууда. Андыктан, депутаттын айтымында, өкмөткө кайрылып тез арада жол курууну колго алуу зарыл, болбосо бекеттин ары жагында 390 миң эл кыйналууда. (AiJu)