Парламент төрагасы Владимир Литвиндин сөзүнчө, коалицияга парламенттеги 450 депутаттын 235и кирген. Парламенттик көпчүлүк болуу үчүн 226 депутат зарыл эле. Жаңы коалицияга Региондор партиясы, Литвин блогу жана коммунисттер кирди. Коалиция премьер-министрликке Николай Азаровду көрсөттү.
Мурда президент Янукович парламенттик коалиция түзүү жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизген. Ага жараша коалицияга фракцияларга катар жеке депутаттар да кире алат. Мындай түзөтүүнү оппозиция анти-конституциялык кадам деп атады. Бул пикирди экс-президент Виктор Ющенко да колдоду.