Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

“Ата мекен”: Ата-бала Бакиевдер отставкага кетсин


“Ата мекен” партиясы бүгүн тараткан билдирүүсүндө Италиянын соту тарабынан “эл аралык калпычы” делип издөөгө алынган MGN Group тун башчысы Е. Гуревичти “жалдап” иштетип, энергетиканы кымбаттатуу менен Кыргызстандын элин тоногон бийлик кызматтан кетсин деген талап коюлган. Анда Курманбек Бакиев бийликке келген 2005-жылдардан тартып эле уулу Максим тууралуу элге жалган маалыматтарды берип келгени, акыркы жылдары Кыргызстандын стратегиялык маанилүү тармактары Максим Бакиевдин көрсөтмөсү менен анын досторуна өтө арзан баада сатылганы белгиленген. Билдирүү ээлери өзүн сүттөн акмын деп актанган Е. Гуревич токтоосуз камакка алынып, Италиянын соту менен бирдикте суракка алынышын, Башмыйзамда жок жогорку кызматты мыйзамсыз ээлеп отурган М. Бакиев өзүнүн саясий жана каржылык шектүү долбоорлору менен кошо кызматтан кетүүсүн, стратегиялык ишканаларды сатуу тууралуу түзүлгөн актылар жокко чыгарылышын жана өлкөнүн экономикасына миллиондогон чыгаша келтирип, жарандардын социалдык абалын төмөндөткөнү, ишиндеги кечирилгис шалаакылыгы үчүн президент К. Бакиев мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетүүсүн талап кылышкан.
7-мартта Кыргызстандагы “MGN group” компаниясынын мурдагы жетекчиси Евгений Гуревичти камакка алуу тууралуу римдик судья Альдо Моргини чечим чыгарганын “Сан франциско хроникл” гезити жазып чыккан. Маалыматта Е. Гуревич Италияда “MGN Capital” компаниясы аркылуу көз боемочулук менен “Телеком Италия” жана “Фаствеб” компанияларын 2 млрд. 700 млн. долларга алдап кеткен деп айыпталып, кылмыш дүйнөсүн каржылаганы айтылган. Ал эми кечээ Гуревич Кыргызстанда болгон кызматтарын таштаганын билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG