Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

“Ак шумкар” партиясы билдирүү таратты


Билдирүүдө №19 жаза өтөө жайында камактагы мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковго Алайдагы элдин нааразылык митингисин токтотсун деп кысым жасалып жатканы айтылган. Буга байланыштуу “Ак шумкар” партиясы И.Исаковдун өмүрүнө коркунуч туулуп жатканын бийликке эскертип, анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына которууну талап кылат. “Эгерде бийлик бул маселени туура чечпесе ар кандай жаңжалдардын чыгып кетүүсүнө өздөрү өбөлгө түзөт”,-дейт Темир Сариев.
Маалыматка караганда бүгүн Исмаил Исаковдун жакындары жана БЭКтин айрым мүчөлөрү №19 жаза өтөө жайына барып анын абалы менен таанышканы барышкан. И.Исаковдун жубайы менен жактоочусу Азимбек Бекназаров мурдагы коргоо министри менен жолугушуп чыгышкан.
Азырынча Жаза өтөө жайлар башкармалыгынан бул боюнча пикир алууга мүмкүнчүлүк болгон жок. (AJ)

XS
SM
MD
LG