Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:51

Николай Азаров Украинанын жаңы премьер-министри


Парламент төрагасы Владимир Литвиндин сөзүнчө, коалицияга парламенттеги 450 депутаттын 235и кирген. Парламенттик көпчүлүк болуу үчүн 226 депутат зарыл эле. Жаңы коалицияга Региондор партиясы, Литвин блогу жана коммунисттер кирди. Бүгүн эле мурдакы финансы министри жана Януковичтин жакын союздашы Николай Азаров премьер-министр болуп бекитилди. Тышкы иштер министрлигин Константин Грищенко жетектейт.

Мурда президент Янукович парламенттик коалиция түзүү жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизген. Ага жараша коалицияга фракцияларга катар жеке депутаттар да кире алат. Мындай түзөтүүнү оппозиция антиконституциялык кадам деп атады. Бул пикирди экс-президент Виктор Ющенко да колдоду.

XS
SM
MD
LG