Полициянын айтымында, жанкечти өзүн кечээ Пешавар шаарындагы аскерий бөлүктө жардырмак болгон. Бирок ал жерге жетпей жатып эле бомбасы атылып кеткен. Өлгөндөрдүн арасында бир жаш бала да бар экен. Пакистанда 2007-жылдан бери жанкечтилердин чабуулдарынан 3 миңден ашуун адам өлдү. Алар үчүн талиптерди жана “Ал-Каиданы” айыптап келишет.