Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Мамдепартаменттин баяндамасында Кыргызстан дагы белгиленди


АКШнын Мамлекеттик Департаменти Адам укуктуры боюнча 2009-жылдык баяндамасын жарыялады.
Бул баяндама менен таанышкан АКШдагы саясатчы Рафшан Жээнбеков, баяндамада Кыргызстанда мамлекет тарабынан бейөкмөт жана оппозициялык уюмдарга карата болгон кысым киргизилгенин билдирди.
Анын айтымында, Мамлекеттик Департаменттин билдирүүсүндө адам укуктары боюнча Кыргызстандагы азыркы абал абдан кыйын экендиги көргөзүлүп, И. Исаковду, А.Жекшенкулов, Э.Бөлөкбаевди жана аны менен бирге жаткан эки кыргыздын Петровкадагы жигитин өзгөчө бөлүп белгилешкен.

Аталган докладдын Кыргызстан тууралуу бөлүгүндө: жарандардын өкмөткө карата өз оюн билдирүү укуктарынын чектелиши, белгисиз жагдайдагы адам өмүрүнүн кыйылышы, кыйноо, укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарынын тепселиши, бети ачылбаган кылмыштар, түрмөлөрдөгү начар абал, мыйзамсыз кармоолор жана камоолор, мыйзамдын көз карансыздыгынын жоктугу, бейөкмөт жана оппозициялык уюмдарга карата мамлекеттик тараптардан болгон кысым, көз карандысыз медиага басым, тынч чогулууларды уюштурган лидерлердин камалышы, качкындарга тийиштүү деңгээлде бийлик органдары тарабынан көмөк көрсөтүлбөгөнү, коррупциянын өсүшү, аялдарды, майыптарды, этникалык жана диний, гендердик азчылыктарды басынтуу, балдар укуктарынын, адам сатуу жана балдар эмгеги боюнча укуктардын бузулушу орун алган.

Дүйнө жүзүнүн бардык өлкөлөрүндөгү Адам укуктарынын абалын талдаган баяндама - демократиялык эмес өлкөлөрдөгү адам укуктарынын одоно бузулушу менен катар эле бул жаатта жетишкендиктерди камсыз кылган мамлекеттердеги өзгөрүүлөргө сереп салат.
АКШ мамлекеттик катчысы Хилари Клинтон Адам укуктарын коргоону жүзөгө ашыруу боюнча 2009-жылды камтыган жаңы баяндаманын жарыяланышына байланыштуу маалымат жыйынын өткөрүп, бул баяндамалар дүйнө жүзүндөгү адам укуктарын коргоодо тайманбастан күрөшкөн активисттер үчүн, адам укуктарынын бузулушу тууралуу ким алдыда экендигин талбастан баяндаган журналисттер, окумуштуулар үчүн жана кайсы гана жерде болбосун адам укутарын коргоону максат кылган мамлекеттер, анын ичинде биздин өзүбүздүн өкмөтүбүздү кошкондо өтө маанилүү курал, деп билдирди АКШнын мамкатчысы. (AJ)

XS
SM
MD
LG