Турсунбек Акундун “Азаттыкка” билдиргени боюнча жолугушууда Акыйкатчы институтунун иштери, реформанын натыйжасында жүргөн жылыштар тууралуу сөз болду. Мындан тышкары Акыйкатчы мамлекет башчыга жакында Нарынга барып келгенин айтып, өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаал, адам укуктарынын абалы тууралуу маалымат берген. Президент өз кезегинде Акыйкатчыдан ар үч ай сайын адам укуктарынын абалы тууралуу маалымдап туруусун тапшырган.(ZKo)