Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:01

Е. Гуревичке тагылган айыптардын MGN менен байланышы жок


MGN Group бүгүн билдирүү таратып мурунку жетекчиси Евгений Герувичке коюлуп жаткан айыптардын аталган компания менен байланышы жок деп билдирди. Анда Е. Гуревич күнөөсү бар деген иштер MGN түзүлүп жарала электе эле болгону айтылат. Компания түзүлгөндөн бери Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүп жатканы, көзөмөлдөөчү органдарга отчет тапшырып турары, 2008-жылы көз карандысы аудиттин маалыматы бар экени кошумчаланган. Ошондой эле Е. Гуревичтин кызматтан кетиши компаниянын жана анын бөлүмдөрүн ишине эч кандай таасири тийгизбегени баса белгиленге. Е. Гуревич 10-мартта ушул айдан тарта Кыргызстанда кызматтарын таштаганын жарыялаган. Ага Италияда сот "Италия телеком" жана "Фаствеб" компанияларын 2 млрд. 700 млн. долларга алдап кеткен деп айыптап, Гуревичти камоо тууралуу чечим чыгарганы маалым болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG