Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:58

Бишкек мэриясы “Ак шумкардын” пикетине тыюу салуу өтүнүчү менен сотко кайрылды


“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев 23-мартта Улуттук филармониянын алдында пикет өткөрөрү тууралуу маалымдаманы 11-март күнү өз колу менен Бишкек шаар мэрине тапшырган. Анын “Азаттыкка” билдиргенине караганда бүгүн шаардык мэрия ага кат жолдоп, 23-мартта Улуттук филармонияда өтө турган пикетке уруксат бербөө өтүнүчү менен Ленин райондук сотуна кайрылганы тууралуу маалымдаган. Т. Сариевдин айтуусунда азырынча сот качан болору белгисиз.
Мурда кабарлангандай “Ак шумкар” партиясы 23-мартта бийликтин Ынтымак курултайы болуп жаткан учурда Улуттук филармониянын алдына пикет өткөрүүнү көздөөдө. Пикеттин катышуучулары курултайдын күн тартибинде беш маселе каралышын: Жаңы жылдан кийин сатылган “Түндүк электро” менен “Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканаларынын менчикке сатылышы мыйзамсыз деп табылып, мамлекетке кайтарылуусун; электр энергиянын негизсиз көтөрүлгөн тарифи жана коммуналдык төлөмдөр калыбына келтирилүүсүн, электр энергиясын уурдап, сууну мыйзамсыз сатып жаткандар жоопко тартылуусун; президент өз алдында мыйзамсыз түзүлгөн мамлекеттик мекемелерге дайындалган туугандарын кетирип, мыйзамсыз мекемелер: Борбордук агентчилик, мамлекеттик министрлик ж.б. жойсун; президент өзүнүн Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкарууну мыйзамдаштыруучу Башмыйзамды өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештен чакыртып алуусун; мыйзамсыз соттолгон И. Исаков менен Балыкчы окуясында соттолгондорду бошотуу, Петровка чатагы боюнча оппозициялык ишмерлердин сот процессин токтотууну талап кылышмакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG