Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

“Азаттыктын” уктурулбай жатканын бийлик билмексен


Бул тууралуу президенттин алдындагы катчылыктын өз ара аракеттенүү кызматынын жетекчиси Илим Карыпбеков “Азаттыкка” билдирди. Ал бул маселе боюнча расмий кат менен кайрылуу кеңешин берип, ошондо гана бул маселени иликтеп чыгышарын кошумчалады. Ал эми КР байланыш агенттигинин түндүк аймактык башкармалыгынын жооптуу кызматкери Улан Асаналиев менчик телерадиолорго “Азаттыкты” уктурбоо тууралуу буйрук берилгендиги жөнүндө "Азаттыкка" маалымат берүүдөн баш тартты.
Белгилүү болгондой 10-марттан тартып Бишкекте “Манас жаңырыгы” телекомпаниясы “Азаттыктын” сыналгы берүүлөрүн көрсөтүүдөн баш тартты. Аталган телеканал КР байланыш агенттиги лицензиясын узартууга “Азаттыктын” теледолбоорлору үчүн макул болбой жаткандыгын билдирген. 11-марттан тартып Бишкекте “ОК” радиосу “Азаттыктын” уктурууларын обого чыгарууну токтотту. Ал эми Кызыл-Кыядагы “Роял”, Таластагы “Мост” үналгыларынын жетекчилерине “Азаттыкты” ободон чыгарбоого бийлик тарабынан көрсөтмө болгону кабарланууда. Ушундай эле кысымдан улам "Алмаз-Нарын" үналгысы да бүгүн "Азаттыктын" кечки уктурууларын обого кетирбөөгө аргасыз болду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG