11-мартта Нарын облусттук соттун коллегиясы Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Ардак Малабековду актады. Бул жөнүндө жабырлануучу тараптын адвокаты Ыдырыс Асанов бүгүн Азаттыкка билдирди. 2008-жылдын 14-февралында Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн абагынан уурулукка шектелип кармалган 19 жаштагы Адилет Карыбек уулу белгисиз жагдайда каза болгон. Ал күнү нөөмөткер милдетин аткарган Ардак Малабековду Нарын шаардык соту ушул жылдын февралында Кылмыш-Жаза кодексинин 316-беренесинин 2 пункту боюнча күнөөлүү деп таап 5 жылга эркинен ажыраткан. Буга эки тарап тең макул болбой, Нарын облустук сотуна апелляция менен кайрылышкан. Облустук соттун коллегиясы милиция кызматкери А. Малабековду толугу менен актады. Буга нааразы болгон Адилеттин жакындары Жогорку Сотко кайрылууга даярданып жатышат.