Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:34

Т. Сариев: И. Исаковдун жазасы саясий буйрутма экени аныкталды


Мындай пикирин “Ак шумкар” партиясынын төрагасы “Азаттыкка” билдирди. Ал Президент К. Бакиевдин бүгүн Акыйкатчы менен болгон жолугушууда “Исаков менден кечирим сураса, анын маселесин карап көрөм” деп айтканы Президент тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясий соода деп эсептейт:” И. Исаковдун жазасы саясий буйрутма экени бүгүн анык көрүнүп калды. Президент адам укуктарынын кепилдиги катары ар бир жаранынын укугун сакташы керек,” дейт Т. Сариев.
КР Акыйкатчысы Т. Акун бүгүн президент К. Бакиев менен жолугушуп, анда И. Исаковдун камалышына байланыштуу сүйлөшкөнүн, президент эгер Исаков кечирим сураса анын маселесин карап көрөрүн айтканын “Азаттыкка” билдирген.
Мурдагы коргоо министри И. Исаков 11-январда кызмат абалынан пайдаланган деген айып менен 8 жылга кесилип, генерал-лейтенанттык чининен ажыратылган. И. Исаковго карата кылмыш иши 2008-жылы ноябрь айында ал президент К. Бакиевдин башкаруу саясаты менен макул эместигин билдирип, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынан баш тарткандан кийин козголгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG