Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:39

Анкара Швеция парламентинин геноцид жөнүндөгү резолюциясына нааразы


Түрк тышкы иштер министрлиги Швециянын элчисин чакыртып, швед парламентинин армяндардын Осмон империясы учурундагы массалык өлтүрүлүшүн геноцид деп тааныгандыгына байланыштуу нааразылыгын билдирди.
Швециянын Анкарадагы элчиси Кристер Асп жолугушуудан кийин айтканына караганда, Стокголм тарыхты тарыхчыларга калтырыш керек деп эсептейт жана Түркия менен дос жана бекем байланыштарды сактоону жактайт.
Бейшембиде Швеция парламенти армяндардын жана башка майда этностук топтордун 1915-жылкы геноцидин таануу жөнүндөгү резолюцияны кабыл алган. Түркия геноцид жөнүндөгү ар кандай доону четке кагып келатат.

XS
SM
MD
LG