Казакстандын чукул кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, өлкөнүн түштүгүндө суу каптоодон эки дамба кыйрап, бир нече киши каза болду. Азыр алардын саны жана аты-жөндөрү такталууда. Катуу жамгырдан жана кардын эришинен улам, эки дамбаны суу алып кетип, бейшембиде Алматы шаарынын айланасындагы бир нече чөлкөмдүн тургундары башка жерлерге көчүрүлгөн. Суу каптаган бир айылда 3 миңге чукул киши жашайт. Дагы бир кыштактан 820 киши эвакуацияланды.