Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Медет Садыркуловдун өлгөнүнө бир жыл болду


Президенттик администрациянын мурунку башчысы Медет Садыркулов 2009-жылы 13-мартта Кой-Таш айылына жакын жерде табышмактуу жагдайда унаа кырсыктан каза тапкан. Былтыр декабрда Жогорку Сот бул ишти карап чечим чыгарган. Анда Медет Садыркулов жол кырсыгынан каза болгондугу айтылып, бул кырсыкка күнөлүү деген Өмүрбек Осмоновду 12 жылга кескен. Сот процессинде М. Садыркуловдун аялынын адвокаты Леонид Лужанский жол кырсыгын кайрадан текши иликтеп чыгуу талабын койгон. Бирок өтүнүчү канааттандырылган эмес. Айрым талдоочулар президенттик адиминистрациянын мурунку башчысынын өлүмүндө саясий негиз бар деп билдирип келишет. (EBM)

XS
SM
MD
LG